Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

Орусиялыктар аракты таштап, пивого көчүштүбү?


Баян Жумакадыр кызы Орусияда жүргүзүлгөн иликтөөлөр акыркы жылдардын ичинде Орусиялыктар салтуу аракка караганда, пивого көбүрөөк оой башташканын көрсөтүүдө. Бирок орусиялык адисттер калктын жеңил ичимдикке өтүүсү алкогоизм проблемасын басаңдатпай турганын айтып жатышат.

Арак орустардын салтуу ичимдиктеринин бири. Орустар аракты бешик тойунда, кыз узатып, келин алганда, үй көтөрүп, той бергенде, туулган күндү белгиленгенде, пенсияга чыгып , же ишке орношкондо, киши каза болуп акыркы сапарга узаганда, айтор, адам баласынын күнүмдүк турмушунда боло жүргөн бардык учурларда ичип келишкен. Орустардын айрымдары таң эртең арак менен ооз ачып, кечки насибин арак менен улантышат.Орустар арак ичүүнү аларга Алланын өзү буйурганын, түп атасы Христиан дининин ортодокс агымын, анда мас кылуучу ичкилик ичүү күнөө болуп саналбагандыктан, тандап алганын айтышат.
Падышалык доордон тартып, Михаил Горбачевдун заманына чейин арак ичүүгө тыйуу салуу аракети Орусияда маал-маалы менен жасалып келген. Бирок элдин ичкенин эч ким токтото алган эмес. Арактын соодасы азайтылганы менен, көмүскө өндүрүүчүлөр анын түрлөрүн чыгарып келишкен. Ошентип арак ичүү мурдагы деңгеелде кала берген.
Соңку иликтөө акыркы бир нече жылдан бери орус коомчулугу арактан кыйла жеңилиреек пивого ооп баратканын көрсөттүүдө. Вашингтон пост гезитинин Орусиянын Бизнес Аналитика агенттигине шилтеме берип маалымдашынча, быйыл орусиялдыктар пивого алты жарым миллиард доллар, ал эми аракка алты миллиард 300 миллион доллар жумшаарын болжолдойт.
Бирок нарколог-адисттер өлкөдө алкоголизм проблемасынын жеңилдегени байкалбагынын айтышат. Бул оорунун айынан орусиялыктардын жашынын узундугу алтымыштан төмөндөп кетти. Алкоголго байланыштуу болгон кырсыктардын саны боюнча Орусияда эч кимди алдыга чыгарбай келет.
Наркологтор алкоголиктердин катарына эми чоң кишилер эле эмес, пивону зыяны жок, жеңил ичимдик катары массалык түрдө иче баштаган жаштар кошулганын айтып жатышат. Москвадагы Элдердин Достугу Университетинин наркология жана психиатрия бөлүмүнүн башчысы Евгений Янкин пациенттердин арасында жаштар көбөйүп баратканын тынсыздануу менен белгилейт. Ал айткандай эле, өлкөнүн шаарларында жаштардын пивонун калай бөтөлкөсүн көтөрүп ичип жүргөнү- кадыресе көрүнүш болуп калды. Пиво өспүрүм жаштардын дискотекалары менен отуруштарында кадимки эле лимонад сыңары ичилет. Андай жаштардын бирөө Вашингтон Посттун кабарчысынын: "Апаң билсе эмне дейт?" –деген суроосуна: "Арак ичпей, пиво ичип атканыма сүйүнсүн. Арак ичсем эмне кылаар эле?", - деп корустон болгон.
Нарколог Евгений Янкин сыяктуу сынчылар Орусияда пивонун популярдуулугуна анын сапатынын эле жакшырганы эмес, ичимдиктин теле менен көчө жарнамаларынан агрессивдүү пропагандаланганы себеп болгонун айтышат. Орусиянын пиво өндүрүүчүлөрү жылына 400 миллион доллар акчаны жалаң гана телекоммерциялык максаттарга сарпташат. Теледен берилген рекламанын чейрек бөлүгү пивонунун түрлөрүн пропагандалоого арналат.
Мындай абалга камтама болгон Орусиялык мыйзамгерлер сентябрь айында атайын чечим менен пивону жарлыктоого катаң чектөө койушту. Мамдуманын басымдуу көпчүлүк менен кабыл алган чечимине ылайык, пиво өндүрүүчүлөр ичимдиктин рекламасына атактуу артисттер менен спортсмендерди тартууга укугу жок калды. Мектептер, чиркөөлөр менен ооруканалардын 100 метрлик айланасына пивонун жарнамаларын орнотуга тыйуу салынды. Пивонун рекламасын инсандар, кандайдыр социалдык топтор жана жаныбарлар менен байланыштырууга тыйуу кылынды. Президент Путиндин кароосуна койулаардан мурда, мыйзам парламенттин жогорку палатасы- Федералдык Жыйында жактырылууга тийиш.

XS
SM
MD
LG