Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Кыргызстандын калкы республикалык бюджеттин түзүлүшүнө жана анын сарпталышына кызыкпайт, анткени, ал азырынча бюрократия үчүн жасалган гана документ болууда- деп билдирди 16-октябрда «Жарандар үчүн бюджет боюнча колдонмо» аттуу китептин бет ачарында мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Марат Султанов.


Анын айтымында, республикалык бюджет жергиликтүү башкаруу органдарынын жана калктын катышуусуз даярдалат жана алар өздөрүнүн жергиликтүү бюджетин сунуштаса киреше бөлүгүн өзгөртүп, чыгашасын өзгөртүүсүз калтыруу адатка айланган. Ушундан улам БУУнун өнүгүү программасы, Сорос-Кыргызстан фондусу, Урбан институту жана АКШнын өнүгүү агенттиги биргелешип, «Жарандар үчүн бюджет боюнча колдонмо» китебин чыгарышкан. Орус жана кыргыз тилиндеги 3400 нуска китеп эми айыл өкмөттөрүнө жана бейөкмөт уюмдарга таратылат.

XS
SM
MD
LG