Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Угуу жөндөмүнүн начарлашы


Баян Жумакадыр кызы Кулак көз менен катар адамдын эң маанилүү органдардын бири. Кулак аркылуу адам айланасында болуп жаткан добуштарды кабыл алып, уккандары аркылуу сырткы дүйнө менен үзбөй байланышып турат. Кулак адамга айланада болуп жаткан нерселер жөнүндө маалымат берип, көз жетпеген кооптуу нерселерден кабарлдар кылып турат. Мисалы артыңыздан келаткан машинеден, анын табышын угаарыңыз менен сактана аласыз. Адам уктап жаткан учурда, кулак тыным албай, ар кандай бийиктиктеги табыштарды кабыл алып, мее аркылуу адамды "коркунуч" жөнүндө эскертип турат. Башкача айтканда, адам баласынын кулагы күндүр-түндүр тыным албай иштеп турат. Кулак аркылуу адам бир эле маалда ар кай жерден чыккан добуштарды угуп, аларга тийешелүү жооп кайтарууга жөндөмдүү. Мисалы, концерт учурунда музыкалык аспаптардын авазын айрып таанып, ырчынын үнүн угуп, ошол эле маалда жаңыңызда отурган кишинин шыбыраганын эшитип, тийешелү жооп кайтара аласыз.

Тилекке каршы, табигат берген мындай керемет жөндөмдү адам баласы, көп учурда, билинбей отуруп жоготуп алат. Германиялык окумуштуулардын иликтөөлөрүнө караганда, өлкөнүн 80 миллиондон ашык киши калкынын бери дегенде 15 миллионун кулагы начар угат. Ошон үчүн немис медиктери муну "элдик сыркоо" катары сыпаттап жатышат. Голландиянын Маастрихт университетинин окумуштууларынын божомолу боюнча кулагы жакшы укпаган кишилердин саны 2005-жылга чейин Европада кеминде 60-80 миллионго жетмекчи.
Угуунун начарлашына сасык тумоо, башка инфекциялык оорулар, кулактын ички органдарынын сезгенүүсү, тамак, кулак, мурун органдарынын түрдүү илдеттери себеп болот. Бирок медиктер угуунун начарлашына түрдүү чурулдак үндөр, тыным албай дүркүрөп, дуулдаган добуштар, ар кандай капилет чыккан катуу табыштар да олуттуу себеп боло турганын айтышат. "Ич келте менен кургак учуктун вирустарын ачкан атактуу биолог Роберт Кох : " Бир кезде адамзат кулак- меени жеген дуулдакка кара тумоого каршы күрөшкөндөй согуш ачат"-деп жазган эле. Анын сыңарындай, азыркы техниканын заманында биз кулактын кужурун алган ар кандай добуштарды күн бою тынымсыз угууга мажбурбуз. Компьютерлер менен аба желдеткичтери, жарык кылган жабдуулар, радио менен телевизор, муздаткычтар менен телефондордун, автоунаа менен учактардын, тез жардам, өрт өчүргүч менен полициянын ач айкырык салган сиреналары чоң шаарлдарда бири болбосо- бири, айрым учурдарда, бары биригип, тыным албай угулуп турат. Таш доорунда жашаган байыркы адам үчүн капилет чыккан каттуу добуш- коркунучтун белгиси болуп, адамдын меесине "сактан" деген буйрук берчү. Ушундан улам азыркы чоң шаарларда жашаган кишилер күн бою кандай стресске дуушар болуп жатышканын элестетүү кыйын эмес.
Медиктер кулагы каңырыш уккандардын катарында жаштар көп экенин айтышат. Бул оболу жаштардын дискотекаларда добулбастын кулак жарган тарсылдагы менен коштолгон катуу чыккан музыканы көп укканы менен байланыштуу. Көптөгөн жаштар андай музаканы дискотекадан эле эмес, кулакка кулакчын тагынып, басса- турса укчу болгон. Кулагы жакшы укпай калган жаштардын саны Европада жалпы жаш кишилердин 10 процентин түзөт. Медиктер жардыруу, кар көчкү жана башка ушуга окшогон капилет катуу чыккан шоокум адамды өмүр акырына чейин дүлөй кылып салышы ыктымал. Андай катуу добуштан кийин кулактын катуу ооруганы,анын ички органдарына доо кеткендигинин айныксыз белгиси, андайда токтоосуз дарыгерге кайрылуу зарыл.
Кулактын начар угуусун дарыгерге канчалык эрте кайрылса, ошончолук эртереек оңдоо мүмкүн. Мындайда эң оболу кулак, тамак жана мурун же ЛОР дарыгерине барып, кулактын угуу жөндөмүн текшертип, угуунун начарлашына алып келген себептерди аныктаган оң. Андан соң дарыгер жазып берген рецепт боюнча, аптекадан акустик-адист менен кеңешип, аппарат сатып алса болот.
Азыркы аппараттар техниканын акыркы жетишкендиктерин эске алуу менен чыгарылат. Өнүккөн өлкөлөрдө ар кандай толкундарды жана түрдүү жактан чыккан үндөрдү кабыл алып, жогорулатып бере ала турган компьютерлештирилген аппарттар жасалат. Андай жабдууну ар кайсы кырдаалга жараша, сүйлөшүп жаткан бир кишинин сөзүн угууга, музыканы, же көпчүлүк чогулган жерде чыккан бардык үндөр менен табыштарды угууга тууралап койгонго болот. Кулакка тагылган жабдууну кулакка кыстарып, же атайын жасалган кичинекей аппараттарды, көрүнбөгүдөй кылып, кулактын ичине киргизип койсо болот.
Иликтөөлөр көрсөткөндөй, кулагы каңырыш уккан кишилердин аз гана бөлүгү андай аппараттардын жардамына кайрылышат. Көпчүлүк кишилер кулак аппаратын тагынганда "керең кулак "атка конобузбу деп уялышат. Бирок айланадагылардын сөзүн каңырыш угуп, айрымдарын такыр укпай калган, андан да олуттуу оңтойсуздукка алып келеерин унутпоо керек. Жалпыга белгилүү болгондой, кулагы каңырыш киши, айланада болуп жатканды укпагандыктан, ага өз мамилесин билдире албай, көңүл кош кишинин таасирин калтырат. Бара-бара андай кишини үй бүлөө мүчөлөрү, кесиптештери менен айланасындагылар эсепке албай, бөлүп ташташы мүмкүн. Ал эми кулагы каңырыш уккан киши менен мамилесин үзбөөгө аракеттенген кишилер болсо, олуттуу коммуникациялык кыйынчылыктарга туш болуп, айткан сөзүн кайра- кайра кайталап, үнүн бек чыгарып, убара болот. Мындай абал кулагы каңырыш кишилерди кемсинтип, олутуу психикалык проблемаларга дуушар кылат. Ошон үчүн дарыгер адисттер кулагы каңырыш кишилерге токтоосуз доктурга кайрылууну сунуш кылышат.

XS
SM
MD
LG