Маскөөгө келген Дүйнөлүк банктын президенти Джеймс Вульфенсон кечээ күнү президент Владимир Путин менен жолукканда: банк Орусияга эмдиги жылы 400 миллион доллар насыя бериши мүмкүн, - деп жарыялады. Бул акчанын 160 миллиону - Санк-Петербург шаарын өнүктүрүүгө, 140 миллиону - бажы кызматын реформалоого, 100 миллиону - салык системасын жакшыртууга, 30 миллион доллары - саламаттык сактоо тармагына жумшалат. Үстүбүздөгү жылы Дүйнөлүк банк Орусиядагы долбоорлорго 600 миллион доллар сарптады.