Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Баалуу балыктарды коргоо чаралары көрүлүүдө


Курамына жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча мамлекеттик көзөмөл кызматынын , ички иштер кызматынын өкүлдөрү кирген рейддик топко областтын губернатору Эмилбек Анапияев өзү жетекчилик кылды. Рейддин мүчөлөрү он эки сааттын ичинде көлдүн Түп, Жыргалаң жана Николаевка куймаларынын аймагынан бир моторлуу жана эки калактуу төрт жана резинадан жасалган үч кайык, ошондой эле 2450 метрлик тор менен балык уулп жүрүшкөн браконьерлерди кармашты. Ошол эле жерде балык кармоочу куралдар тартып алынып, мыйзам чегинде чаралар көрүлдү. Мындан ары губернатордун тапшырмасына ылайык облустук жетекчилер кезек менен рейддик топторду жетектеп чыгып турушат. Ал эми өсүмдүктө менен жаныбарларды коргоо боюнча облустук мамлекеттик көзөмөл кызматы рейд учурунда тиешелүү куралдар менен мыйзам чегинде камсыз болушат.

XS
SM
MD
LG