Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

АКШнын 22-чи президенти Гровер Кливленд (1885-1889)


Мураталиев Муса “Инсан тагдыры - улут тарыхы”. АКШнын 22-чи президенти Гровер Кливленд (Grover Cleveland) тарыхчылар “Алтын доор“ деп атаган Америка коомчулугунун империализм системасына чындап бет алган кезинде “Мамлекеттик кызматка - мамлекеттик жоопкерчилик” урааны астында жашап oткoн лидер болгон.

Кливленд демократиялык партиядан чыккан. Мансапка тез аранын ичинде жеткен. Ал 1837-жылы 18-чи мартта Нью-Джерси штатына караштуу Калдуелле калаасында туулган. Атасы поп болгон. Балалык чагы Нью-Йорк штатында oткoн. 22 курагында адвокаттык кесипке ээ болгон. Андан кийин билимин кеhейткен эмес. Ошол себептyy бир гана кoз карашты - бардык нерсе жараткандын амиринен улам деп тyшyнгoн.

Саясий кыймылга Буффалодо бургомистр болуп шайлангандан тартып катышкан. Ал : "Мамлекеттик кызматка - мамлекеттик жоопкерчилик" демилге кoтoргoн жана ал элгe абдан жаккан. Паракордукка каршы кyрoш ачкан. Кoп oтпoй Нью-Йорк губернатору болуп шайланган. Ал кишилерди ак ниеттyyлyккo чакырган ураан айтчу. Сyйлoгoн сoзyндo oкyмoт алдына мурда жакшы натыйжа берген иштерди улантуу талабын койчу. Ушулар себеп болуп бирткеден кийин Кливлендди бyтyндoй улут тааныйт.

1884-жылкы президентти шайлоодо анын аты талапкер катары аталды. Баса, тарыхчылар ал жолку шайлоону Америка президенттерин шайлоодогу эh жаман мыйзам бузуу жолу менен oткoрyлгoн шайлоо болгон деп жазат*. Республикачыл партия Кливлендди мансап yчyн yй-бyлoсyн таштап кеткен киши кылып каралаган. А чындыгында, он жыл мурда бала багып алып анын энеси акылынан адашканда аны ооруканага oткoрyп, баланы башка эне-атага багып алабыз дегенинен маакул болуп, аларга берген. Ошол себептен шайлоо алдында ал туурасында гезиттер Кливлендди таш боор ата деп жаза башташкан. Анда Гровер Кливленд баланы кайра oз колуна алып ошону менен чыр басылган. Шайлоодо ал, болгону, 0,2 пайыз утуш менен алдыга чыгып президенттик орунга жеткен.

АКШынын 22-чи президенти Гровер Кливленд Вашингтонго келип тyшoрy менен мурдагы президент Артур Честерге кoз кoргoзyп, учурашып чыкканы барды.

4-чy март кyнy асман ачык болуп, кyн жаркырап тийип турду. Ошол себептyy Пенсильвания авеню oйyз-бyйyзyндo салтанатты кoрoбyз деп чыккан элден oтoргo жылчык жок болду.

Гровер Кливленд oзyнyн он беш мyнoттyк эл алдында сyйлoй турган кебин жаттап алган эле аны шатыратып баштан-аяк жат айтып берди. Колунда кармап турган кагазга бир да жолу караган жок. Жогорку сот Уэйту тарапка карап : “ Эми ант берyyгo даярмын” ,- деп кошумчалады. Ант берилгенден кийин трибунада Артур экoo катар туруп аскерлер парадын кабыл алышты. Ал бир нече саатка созулду. Салтанат тоюнун расмий бoлyгy аяктаганда экoo бирге олтуруп тамак ичишти. Алар буга дейре эч жолугушпаган эле. Артур Честер ошол эле кyнy Ак yйдoн кoчyп кетти. Алар ошондон кийин эч жолугушкан жок.

Президенттик орунда oзyнyн интеллектуалдык жактан чабал экенин эске алып ар бир кагазды улам кайра текшерип туруп кол койгон. Кoп иштеп тyнy тoрт-беш саат уктаган. Калган убактысын жалаh президенттик кызматка жумшаган. Ошол себептен yлпoт, той, конок чакырып же конокко баргандан жаа бою качкан.

Аябагандай толук киши болгон (280 фунт**). Yйлoнбoй жyрyп акыры президент болгондон эки жыл oткoндo, 49-ка карап калганда, Франсес Фолско yйлoнгoн. Гровер Кливленд бардык жактан ак ниеттyy болууга аракет кылган. Ак yйдo коротулган чыгашаны oзy кoзoмoлгo алып акча кайда кетип атканын тескеп турчу. Маселен, аттарга чoп-жем алдыруу yчyн oзyнyн чoнтoгyнoн акча берип турган. Oзy пайдаланып аткан аттар yчyн же дагы башка иш yчyн мамлекет эсебинде акча кокус ушатылбасын деп ушундай тартип киргизген.

Анын кoктyгy бардык президенттик ишмердyyлyгyнo тийген. Анын oжoрдyгy мыйзам чыгаруу органдарына катуу тийген. Ошол себептyy ал Конгресс бекиткен 304 мыйзамга вето коюп, oткoрбoй салган. Буга дейре бир да президент мынча кoп документти кайра кайырып берген эмес.

Ал жылдары катуу талкууга алынып келе жаткан кyмyш долларга oтyy маселеси 22-чи прездент тушунда да кoтoрyлгoн. Мамлекет казнасында алтын такоолу байып баратканга байланыштуу кyмyштoн доллар чыгарып анын наркын 20 пайыз тoмoн эсептеп урунуу сунушу кайрдан тyшo баштаган. Президент Кливленд буга караманча каршы чыккан. Мындай кoрyнyш насыясын тoлoй албай келаткан айыл-чарба тармагына катуу тийген. Ошол себептyy алар Кливлендди oнoр-жай банктарын колдоого алат деп кyнooлoп каршы чыгышты жана анын кесепетинен кезектеги шайлоо Гровер Кливленд пайдасына чечилбей калды. Республикачыл партия болгону 0,7 пайыз менен жеиhшти тартып кетти.

XS
SM
MD
LG