Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

ОБСЕнин парламенттик ассамблея делегациясы Бишкекке келди


1-декабрда Кыргызстанга төрт күндүк иш сапары менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын делегациясы келди. Уюмдун аялдар маселеси боюнча кеңешчиси, Финляндия парламентинин конституциялык комиссиясынын башчысы Паула Кокконен айым жетектеген делегация Кыргыз бийлиги менен расмий жолугушууларды 2-декабрда баштайт, деп билдиришти ушул эле күнү ОБСЕнин Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн. Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, делегация иш сапарынын учурунда президент Аскар Акаев баш болгон бийлик башчыларынын жоон тобу менен жолугушуп, коопсуздукка, эл аралык терроризмге каршы күрөшкө, коомду демократиялаштырууга, адам укугуна жана маалымат каражаттарынын эркиндигине байланышкан маселелерди кеңири талкуулашат.

XS
SM
MD
LG