Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫНЫН СЕССИЯСЫ УЛАНТЫЛУУДА.


3-декабрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын 13-сессиясынын экинчи бөлүгү башталды. Сессиянын күн тартибине 35 маселе киргизилген. Алардын арасында республиканын 2003-жылдагы бюджетинин долбоору, 2002-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, Өкмөттүн жана Улуттук банк жетекчилеринин отчету бар. Шейшембиде депутаттар бюджет долбоорун кароого киришип, ал тууралуу адегенде каржы министри Болот Абильдаев маалымат берди. Ал бюджеттин киреше бөлүгүн 13 миллиард 844 миң сом, чыгаша бөлүгүн 13 миллиард 968 миң сом деп кабыл алууну сунуш кылды. Министрдин маалыматына караганда, долбоордун чыгаша бөлүгү464 миллион сомго көбөйтүлдү. Буга жаңы жылдан баштап милиция кызматкерлеринин айлык маянасын 50 процентке жогорулатуу жана мугалим менен врачтардын маянасын дагы көтөрүү белгиленип жаткандыгы себеп болду. Натыйжада, республикалык бюджеттин таңсыктыгы 124 миллион сомду түзмөкчү.

XS
SM
MD
LG