Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ АБАЛ.


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын вице-президенти 4-декабр күнү - өлкөгө келген эл аралык текшерүүчүлөрдү "тыңчылар" деп атады. Анын айтымында, инспекторлор Ирактагы абалды текшергенден мурда, АКШ менен Израилдин коопсуздук кызматтары үчүн маалымат жыйнап, Иракка каршы согуш баштоого шылтоо издөөдө.

Ирактын вице-президенти Таха Яссин Рамадан эл аралык текшерүүчүлөрдү 4-декабр күнү Багдад шаарында - Мисирден келген парламенттик делегация менен жолукканда күнөөлөдү. Анын айтымында, Бириккен улуттардын инспекторлору - Америка кошмо штаттарынын Иракка каршы баштай турган согушун даярдоодо жана ан үчүн биринчи күндөн тартып АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги менен Израилдин "Моссад" чалгындоо кызматы үчүн тыңчылык кылууда. Анткен менен, вице-президент өзүнүн бул күнөөсүн далилдеген эч маалымат жарыялаган жок.

Инспекторлордун өкүлү Дмитри Перрикоз ага жооп катары ошол эле 4-декабр күнү Багдадда журналисттер менен жолукту: "Биз - Америка кошмо штаттарына, Улуу Британияга же кайсы бир башка мамлекетке кызмат кылган жокпуз. Биз Иракка - Бириккен улуттардын Коопсуздук кеңешинин атайын резолюциясын аткаруу үчүн келдик. Биз эл аралык коомчулукка кызмат кылуудабыз".

АКШ өкмөтүнүн басма сөз катчысы Ари Фляйшер дагы ошол эле 4-декабр күнү: Бириккен улуттарга Ирак тапшыра турган доклад келмейинче, анын саясатчылары жасаган жарыяларга Америка жетекчилиги көп деле көңүл бурбайт, - деп билдирди. - "Ирак бул документти Бириккен улуттардын Коопсуздук кеңешине жакында тапшырууга тийиш, ошондуктан биз - саясатчылар эмне деп жатса дагы, эң оболу ошол документти окуп, анда келтирилген маалыматтарды карап чыгууга тийишпиз".

Бириккен улуттар уюму октябр айында Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алганда: 8-декабрга чейин өлкө жетекчилиги Бириккен улуттарга - аскерий ишкана-мекемелеринин тизмеси бар декларация тапшырууга тийиш, - деп чечкен. Өкмөттүн айтымында, андай көлөмдүү декларация 7-декабр күнү тапшырылат жана анда: Иракта эч кандай кеңири кыруучу курал жок, - деп дагы бир жолу айтылат. Андан тышкары, документте - өлкөдү химиялык, ракеталык жана өзөктүк изилдөөлөргө тийешеси бар мекеме-өндүрүштөрдүн тизмеси болот.

Бирок АКШ саясатына каршы эң катуу сөздөрдү Ирактын вице-премьер-министри Тарик Азиз айтты. Америкалык "Эй-Би-Си" сыналгысы аркылуу көрсөтүлгөн интервьюда ал: Вашингтон согушка даярданууда, бирок Ирактын кеңири куруучу куралдары жөнүндөгү маселе башынан тартып калпка негизделген. Инспекторлордун Ирактагы аракетинен эч нерсе чыкпаса дагы, согуш үчүн баары бир башка шылтоо табылат, - деп билдирди.

Анын алдында Тарик Азиз Швеция сыналгысы аркылуу дагы чыгып сүйлөп: Албетте, биз ал согушта Америка кошмо штаттарын жеңе албайбыз, эч ким АКШны азыр жеңе албайт. Бирок биз саясий утушка жетишибиз мүмкүн. Алар бизди өлтүрүп, өлкөбүздү талкалашы мүмкүн, бирок алар Ирак элинин эркин майтара албайт. Ирак өкмөтү алардын пешкасы эмес, - деп жарыялаган.

АКШнын коргоо министринин орун басары Пол Вольфовиц 4-декабр күнү Брюссель шаарында: Ирактын декларациясы бизге жакпаса эле, биз согуш баштап жибербейбиз, - деп билдирди. Анын айтымында, президент Джордж Буш бул маселе боюнча эл аралык коомчулук менен кеңири сүйлөшүү жүргүзөт. Байкоочулардын айтымында, бирок, АКШнын "Гарри Трумэн" аттуу учак конуучу кемеси 5-декабр күнү өзүнүн туруктуу ордунан ачык мүхитке чыкты.

Бириккен улуттардын Коопсуздук кеңеши болсо, 4-декабр күнү кечинде - ошол күнү аяктап жаткан "азык үчүн мунай" аттуу программанын мөөнөтүн дагы алты айга узартты. Ал программа боюнча, сырттан азык-түлүк сатып алуу үчүн, Ирак белгилүү өлчөмдөгү мунайды сыртка экспорттой алат. Америка кошмо штатары акыркы күнгө чейин - программанын жаңы мөөнөтүн эми эки гана аптага узартууну талап кылып келген, бирок добуш берүү алдында ал талабынан баш тартты.

XS
SM
MD
LG