Жалал-Абад областында Өзбекстандан келүүчү газдын көлөмү азайып кетти. 4-5-декабрда газдын азайуусун газ чарбасындагылар Өзбекстандын Янгиер шаарындагы газ компрессордук агрегатта газдын басымынын төмөндөшү жана Кыргызстанга көгүлтүр отунду өткөрүүчү Кожабар шаарындагы газ кампасынын ремоттолуусу менен байланыштырууда. Областтык газ мекеме башчысынын орун басары Хайдаровдун ишендиришине караганда, 6-декабрда газ мурунку калыбына келет. Областтын аймагына 5-декабрда өткөрүлгөн 78 миң куб.м. газдын 60-70 % Майлы-Суудагы электр лампалар чыгаруучу ишканага чыгымдалды. Демейде, газ түтүктөрү орнотулган областтык борбор менен Майлы-Суу шаарынын 14,5 миң тургуну «Узтрансгаздын» 70 миңден 160 миң куб. метрге чейинки өлчөмдөгү газын, ошондой эле Кыргызстандын 4-5 миң куб метр көгүлтүр отунун пайдаланат.
Ырыспай Абдраимов