Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги үйүндө Данияр Дубанаевге арналган бөлмө ачылып, ага арналган салтанат бейшембиде болду. Дубанаев Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгү Кыргызстанда ачылгандан баштап иштеп, кийинчерээк Уюмдун Балканга жөнөтүлгөн тынчтык орнотуучу миссиясынын курамында Косоводо офицер ченинде кызмат кылып, ошол жерде курман болгон. Данияр Дубанаевге Бириккен Улуттар Уюму «Тынчтыкка кызмат кылгандыгы үчүн» деген медалын ыйгарган.