Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

В. Путиндин Бишкекке сапары талкууга алынууда


Орусия президенти Владимир Путиндин 5-декабрда Кыргызстанга жасаган иш сапары Орусиялык жана Батыш маалымат каражаттарында кеңири талкууга алынууда. Маселен, В. Путинди коштоп жүргөн журналисттердин бири Аркадий Дубнов Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп Орусия менен жакындашууга ынтызар экенин ачык билдиргенин жана эки өлкө ортосундагы жаңы мамилелер Орусиядагы эмгек мигранттарына жеңилдиктердин берилишин шарттай турганын маалымдады. Кыргызстанда курчуп турган ички саясий кырдаал жаңы эле сууй түшкөндө келген орус президентинин сапары ийгиликтүү болду деп эсептеген «Немецкая волна» радиоберүүсү Б. Ельциндин учурунда салкындап калган мамилени В. Путин жылытып жатканын белгиледи. «Немецкая волна» ошондой эле Кыргызстан келечекте АКШ менен Орусиянын Борбор Азияга карай кызыкчылыктарынын кесилиш чекитине айланарын белгилейт. Ал эми өз маалымат булагына таянган «Страна.ру»электрондук маалымат каражаты АКШ аскерий командачылыгынын Кант аба майданына көзү түшүп жатканын билген соң, Орусия коолективдүү коопсуздук күчтөрүнүн аба-аскерий курамын жайгаштыруу боюнча чукул чечим кабыл алуунун демилгечиси болгонун жазды. Учурда Кыргызстандын «Манас» аба майданында антитеррордук күчтөрдүн курамына кирген 12 мамлекеттин 2 миңге чукул аскер кызматчысы жана 12 чабуул коюучу учагы жайгашып турат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG