Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:29

Кыргызстандын тышкы иштер министри Кытайга жөнөп кетти


БИШКЕК. 10-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов Кытай Эл Республикасына расмий сапар менен жөнөп кетти. 16-декабрга чейин созулуучу сапар учурунда Аскар Айтматов Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү , вице-премьер-министр Вэнь Цзябао ,тышкы иштер министри Тан Цзясюан, Тышкы соода жана экономикалык кызматташуу министри Ши Гуаншен жана башка расмий жетекчилер менен жолугушуп, эки тараптуу мамилени өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сапар учурунда терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча макулдашууга кол коюлат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG