Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

ЖАЛАЛ-АБАДДА ГАЗ ДА, ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ДА ЖЕТИШСИЗ


Рысбай Абдраимов, Жалал-Абад Сууктун күтүүсүз түшүүсү Жалал-Абад областында жашагандарды кыйла түйшүккө батырды. Өзбекстандан келүүчү табигый газдын көлөмү кескин азайып, айрым жерлерде электр жарыктары өчүп турду.

Айдын башталышында 25 сантиметрге дейре кар жаап, сууктун 17-22 градуска чейин көтөрүлүүсү областтын тургундарынын шаштысын кетирди. Мурунку жылдары жалал-абаддыктар жаңы жылды каарсыз күтүп алышкан. Дүйнө жүзүндөгү жылуулук таасир эткендиктенби, чилде учурунда мынчалык суук болчу эмес. Аба ырайынын кескин бузулуусунан улам Жалал-Абад, Майлы-Суу шаарлары менен Кочкор-Ата шаарчасында Өзбекстандан келүүчү табий газдын көлөмү азайып, көмүрдүн тоннасы айрым жерлерде 900 сомдон – 2500 сомго чейин көтөрүлдү. «Спутник» кичи районундагы Жеңижок көчөсүндө № 5 үйдө турган Жыпарова Бактыкан, «бизде газ бир жума болойун деп калды, аябай аз чыгып атат, суу кайнабайт, мисалы, отопление жок, светти күнүгө өчүрүшөт, жалпысынан алганда бизде жашоого ылайык эч кандай шарт жок», деп ачыгын айтты.

Табигый газдын азайуусу область губернаторунун орун басары Салиев Бактиярдын түшүндүрмөсүндө, саясий абалга же карыз баасына эмес, техникалык себептерге байланыштуу. Б. Салиевдин маалыматына ылайык, 2-декабрда Өзбекстандын Кожо-Абад шаарындагы газ кампасынын бузулуусу коңшу өлкөнүн Фергана, Андижан, Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад областтарында көгүлтүр отундун убактылуу болбой калуусуна алып келди.

«Бизде газ азайышы башталды. Анын бирден-бир себеби газдын басымы түшүп кеткени. Мындай болуш керек эмес эле, бирок негизги себеп Анжиян облусунун Кожо-Абад районунда Фергана өрөөнү боюнча газ кампасы бар. Ошонун бузулуп калгандыгы себептүү Фергана, Андижан, Жалал-Абад, Ош облустарында газ болгон жок», дейт ал.

Натыйжада Майлы-Суудагы электр лампалар заводу да 3 күн токтоп калып, Өзбекстандагы газ кампасы оңдолгон соң абал жөнгө салына башталды.

Сузактын Арал айылынын 130дан ашык кожолугу бир айдан жарыксыз калышкандыгына арызданышкан. Жалал-Абад шаарында газ болбой, электр жарыгы өчкөндүктөн Токтогул көчөсүнүн жашоочусу Ахматуллаева Рамилянын айтымында тамак бышыруу да мүмкүн эмес. «Күндүзү 6 саат свет жакпайт, газ дагы жок. Балдарга тамак да бышырып болбойт. Бүтүн 6 үй этажный жаныбызда, эч кимде газ жок. Ошол эле проблема болуп атат азыр свет менен газ», дейт Рамиля.

Губернатордун орун басары Б. Салиевдин жообуна караганда Токтогул көчөсүндөгү подстанция керектен чыкса, Арал айылдагыларга жаңыдан электр энергиясын тартуу керек.

«Биз район менен, айыл өкмөтү менен сүйлөшүп, ушуларга электр жарыкты бериш боюнча иш алпарып атабыз. Анан дагы бир маселе бүгүнкү күндө бүт элдин баардыгы эле газ болбогондон кийин электр энергияга өтүп атат, тамагы дагы, чайы дагы,жылуулугу дагы. Ошондуктан бүгүнкү күнү өтө күч келип атат. Ошого байланыштуу авариялар болуп атат», дейт губернатордун орун басары.

Ал эми областтык газ чарба мекемесинин башчысы Акрам Нарбаевдин сөзүнө караганда, Кожо-Абаддагы газ кампасы бузулганда Жалал-Абадга саатына 1200 куб. м. газ келип турган. Азыр 1800-2000 куб. м. өлчөмүндө газ келүүдө.

Областта жылуулук берүү объектилеринин 99 % декабрь айына чейин оңдолгон. Жылуулук жана газ карызы областа 80 млн. сомго барабар. Электр энергия карызы 112 млн. сомго жеткен. Электр жабдууларынын аварияга улам туш болуусун областтык Жалал-Абал электр ишканасы атуулдардын газдын тартыштыгынан электр жарыгын ашыкча пайдалануусу менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG