Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

КЫРГЫЗ БАСЫЛМАЛАРЫНЫН БАЯНДАМАСЫ


«Бийлик калкынын үнүн угабы?» деген аталышта шейшембидеги «Моя столица» гезити макала жарыялады. Анын автору Замир Өсөровдун жазганына караганда, 3-декабрда Оштогу резиденциясындагы жолугушуу учурунда президент А. Акаев Үсөн Сыдыковдун депутат болуп шайланышын жактырбастыгын билдирген. «Бүгүн бийлик шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган Үсөн Сыдыковду марадан четтетсе, эртең жалпы республика калкынын жарымына жакынынын колдоосуна татыган президенттикке талапкерди соттордун колу менен шайлоодон четтетип салат», деп белгилейт автор. Ушул эле гезитте Вячеслав Тимирбаев «А өзүңүз эмне жазганыңызды түшүнөсүзбү?» деген полемикалуу макаласында Кыргызстандын өкмөтү бийлик өкүлдөрүнө «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана», «Эркин-Тоо» гезиттерине жазылууну көбөйтүү тапшырмасын бергендигин маалымдайт.

Ал эми шейшембидеги «Кыргыз Туусу» гезити Папан Дүйшөнбаевдин «Генералдын «кайрылуусу» кантет?» деген макаласын жарыялады. Автор анда отставкадагы генерал Исмаил Исаковдун кайрылуусуна токтолгон. Папан Дүйшөнбаев генерал И. Исаковдун кайрылуусу түшүнүксүз дейт. «Биздин генералдарды кат-сабатын ачып, жат жазуусун бышырып алышы үчүн кайрадан мектеп партасына жиберүүдөн башка амал калбай калганбы», деп жазат автор. Папан Дүйшөнбаевдин ушул эле гезиттеги экинчи бир макаласы өкмөттүк гезиттерди жергиликтүү бийлик жетекчилери элге жеткирбей жатканына арналган. «Өкмөттүк басылмалар жер-жерлердеги окурмандарга дайыма эң кеминде беш-алты күн кечигип, актуалдуулугун жоготкондо гана жетет», деп жазат ал. Ал эми эркин басылмалар чекене соода аркылуу сатылат, гезит тараткычтары бар. Папан Дүйшөнбаевдин пикиринче, «маалыматтык таймашта жергиликтүү бийликтегилер уттурбаганда ким уттурат?».

Чүй областынын борбору Токмок шаарына көчүрүлүшүнүн күңгөй-тескейине шейшембидеги «Агым» гезити кайрылды. Журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун маалымдашынча, бул ишке областтын казынасынан 143 миллион сом сарпталмакчы. ««Кедейди көчкөндө көр» дегендей, областтык мекемелердин Токмокко көчүшү мындан көп акчаны сарптайт», деп жазат ал. «Агым» гезити аркылуу депутат Акбөкөн Таштанбеков Чүй областынын бир топ жерин, мүлк үлүшүн «чоңдор» ээлеп алышканын ачыкка чыгарды. Областтагы 50 ашуун чарбалар банкрот деп жарыяланып, алардын мүлкү таланып-тонолуп жок кылынган. «Коррупция деген ушул жерде жатпайбы», дейт депутат Акбөкөн Таштанбеков.

Генерал Исмаил Исаковдун президент А. Акаевге жазган ачык катына каяша макаланы шейшембиде «Слово Кыргызстана» гезити да жарыялады. Кронин деген автордун пикиринче, Исмаил Исаковдун айынан кыргыз жоокерлеринин аскердик даярдыгы начар болуп, жоочулар ээн-жайкын аймагыбызга басып киришкен, азыр да генерал республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн алсыратуу амалынан кайта элек. Басылмада Кыргызстандын Германиядагы элчиси Апас Жумагуловдун маеги жарыяланган. Элчи эки өлкө ортосундагы иштиктүү байланыштарга токтолуп, алман адистери темир бетондон курулган үйлөрдү бышыктоочу технологияны ойлоп таап, ал мурунку ГДРден калган үйлөрдү бекемдөө үчүн пайдаланылып жатканын белгилейт.

Шейшембидеги «Республика» гезитинде Жолдошбек Алиевдин «Мырзалар, урунттуусун унутуп атасыңар» деген макаласы жарыяланды. «Конституцияны канча өзгөртпө, А. Акаев аны баары бир аткарбайт. Анткени ал туура эмес жазылган», дейт автор. Анын пикиринче, эки мөөнөттөн ашуун президенттикке шайланган А. Акаев же башка бирөө буга чейин жоопко тартылбады, мындан кийин деле тартылышы күмөн. «А. Акаевден кийин келчү президент 3-эмес, 4-мөөнөткө шайлана берет», деп бүтүм чыгарат автор.

Шаршембиде жарыкка чыгуучу «Аалам» гезитиндеги урунт материалдар туурасында басылманын башкы редактору Базарбай Буканбековдун маалымдашынча, гезиттин жаңы санында кийинки кездери Кыргызстан демократиядан кыйла четтеп кеткенин кең-кесири талдаган Чолпонбек Абыкеевдин публицистикалык макаласы, ошондой эле болгон күнөөнүн баарын бир гезитке оодара салуу аракетин жасай баштагандар тууралуу «Мамлекеттик катчы+ «Моя столица» деген фельетон жарыяланууда.
XS
SM
MD
LG