БИШКЕК. «Ар-Намыс» партиясынын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Куловду коргоо комитети мындан ары саясий күрөштүн пикет, митингдерден башка жолуна түшөт. Бул тууралуу 18-декабрда Ф. Куловду коргоо комитетинин мүчөлөрү өткөргөн пресс-конференцияда айтылды. Ал маалыматка караганда, комитет элди бейпайга салган митинг, пикеттерден майнап чыкпагандан кийин Куловду бошотуу маселесине эми эл аралык укук коргоочу уюмдардын көңүлүн бурууга жана Кыргызстандын бийлиги менен иштешүүгө аракет кылат. Андан тышкары, Ф. Куловдун адвокаты Токторбек Ашыркул уулу Куловдун проблемасын Бириккен Улуттар Уюмунун кароосуна коюуга аракет кылаарын, бирок, ага керектүү документтерди даярдоого зарыл болгон соттун чечимин Ф. Куловдун арызын акыркы жолу караган Бишкек шаардык соту үч айдан бери бербей жаткандыгын жарыя кылды.