БИШКЕК. 23-декабрда бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» Коалициясынын, адам укуктары боюнча үч уюмдун жана эки бейөкмөт уюмдун жетекчилери президент Аскар Акаевге ачык кат жолдошту. Анда ачык кат ээлери акыркы кезде жарандардын жыйындарды, митингдерди өткөрүү эркиндигининин бузулуп жаткандыгын белгилешип, өкмөт жарандардын эркиндиги менен укугун чектөө менен саясий туруктуулукту жана ынтымакты камсыз кыла албайт деп билдиришти жана жыйын, митингдерди өткөрүүө тыюу салып жаткан жергиликтүү бийликтин аракеттери боюнча өз көз карашын так билдирүүнү талап кылышты. Ошондой эле алар жыйындарды, митингдерди эркин өткөрүүгө тыюу салуу коомдогу социалдык кырдаалды ого бетер курчутуп, элди кадимки саясий активдүүлүктүн чегинен чыккан иштерге барууга түртүп жаткандыгын белгилеп, бийликтин мындай аракети ЕККУнун 2001-жылы кабылданган Бишкек Декларациясынын таламдарына да карама-каршы экендигин эскертишти.