Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

«СЛАВНЕФТЬ» КОМПАНИЯСЫ САТЫЛДЫ


Улан Алымкул уулу, Прага Шаршемби күнү өткөрүлгөн аукциондо өлкөнүн «Славнефть» компаниясынын мамлекетке тийиштүү 75% акциясын жергиликтүү «Сибнефть» жана «ТНК»" компаниялары сатып алды. Адистер Орусиянын менчиктештирүү тарыхындагы бул эң ири соода боюнча ар кыл пикирлерди айтып жатышат.

Москвада өткөн аукциондун жыйынтыгына ылайык Орусиянын мунай өндүрүүчү эң ири сегиз ишканасынын бири болгон «Славнефть» компаниясынын 75% акциясы үчүн жергиликтүү «Сибнефть» жана «ТНК» компаниялары биргелешип бир миллиард сегиз жүз алтымыш миллион доллар төлөй турган болду. Ал эми аукциондо жалпысынан жети ишкана атаандашкан эле. Чукотканын губернатору Роман Абрамовичтин көзөмөлүндөгү «Сибнефть» жана Тюмень мунай компаниясы, «ТНК»нын же аукциондо алардын кызыкчылыгын коргогон «Инвест-Ойл» ишканасынын «Славнефть» акцияларына ээ болоору күн мурунтан эле билинген. Себеби, өлкөнүн «ЮКОС», «ЛУКОЙЛ» өңдүү мунай-гиганттары аукционго катышпай турганын жарыялаган. Ал эми аукцион өтөөрдөн бир күн мурда оюндан Кытайдын мунай корпорациясы, «СНРС» ыгып кетти. Мунун бир себеби катары байкоочулар кытайлык ишкананын Орусиянын мунай рыногуна келүүсүнө карата жергиликтүү саясатчылар менен коомчулукта нааразылык күчтүү болгонун аташууда. Андыктан, аукциондо «Сбнефть»менен «ТНК»га теңтайлаш келчи ишкана жок эле. Алар компаниянын 75 % акциясы үчүн орус өкмөтү сураган каражаттан 160 миллион доллар көп беришти. Өкмөт акциялардын баштапкы баасын 1,7 миллиард доллар деп белгилеген. Мурдараак ал акцияларды 2,5 миллиард доллардан ашуун каражатка сатып алууга даяр экенин «Роснефть» компаниясы жарыялаган эле. Бирок, сот чечимине ылайык аталган ишкананын аукционго катышуусуна мүмкүндүк берилген жок.

Ошентип, «Славнефть» Орусиянын жеке менчикке өткөн акыркы ири мунай ишканасы болуп калды. Ал күнүнө 300 миң баррелге жакын мунай өндүрөт. Ага караштуу мунай кендеринин аныкталган кору 2,5 миллиард баррелге барабар .Эми орус өкмөтү аны сатуудан түшкөн каражатты, келерки жылы өлкөнүн тышкы карыздарын төлөөдө пайдаланууга ниеттенүүдө. Муну өлкөнүн каржы министри Алексей Кудрин да ырастады. Маалыматтарга караганда, Орусия келерки жылы тышкы карыздарынын 17 миллиардын кайтарыш керек. Адистердин ырастоосунда, соңку аукцион Орусиянын менчиктештирүү тарыхындагы эң чоң соода. Президент Ельциндин тушунда мамлекеттик мүлктүн майлуу жерлери олигархтарга ит бекерге сатылганы белгилүү.

Анткен менен аукциондун жыйынтыктары боюнча адистер жана орус саясатчылары арасында түрдүү пикирлер айтылып жатат. Маселен, аукционду утуп алган «ТНК» компаниясынын башчысы Виктор Вексельберг: «бул сооданы ишенимдүү түрдө ири окуя деп атаса болот. Орусиянын мунай компаниялары өз ара кызматташтыкка даяр. Мындай жагдай инвесторлордун кызыгуусун жаратып, айкындыкты жана эл аралык рыноктогу абройду көтөрөт», - деп билдирди. Бирок, ошол эле учурда жергиликтүү эксперттер арасында «Славнефть» боюнча аукциондун жыйынтыгы чет элдик инвесторлорду кабатырлантат деген пикирлер да жок эмес. Жогорудагыдай ырстоолордун авторлору мунун бир жүйөөсү катары аукцион алгач убада кылынгандай ачык өтпөй, жыйынтыктары күн мурунтан эле билингенин жана мамлекеттин казынасына түшчү акча аз болуп калганын белгилешүүдө. Ушундай эле пикирлерди орус парламентинин айрым депутаттары да айтышты. Мамлекеттик Думанын бюджет комитетинин төрага орун басары, өлкөнүн мурдагы каржы министри Михаил Задорнов «Интерфакс» агенттигине берген маегинде белгилегендей, «бул соодада аукциондо жеңип чыккан компаниялар утту, ал эми мамлекет утулду». Себеби, «Славнефтти» азыркыдагыдан көбүрөөк акчага сатуу мүмкүн эле. Баа жогору болоору күтүлгөнүн «Интерфакс» агенттигине берген маегинде президент Путиндин кеңешчиси Андрей Илларионов да белгиледи. Мурдараак Орусиянын Эсептөө палатасы «Славнефть» компаниясынын мамлекеттик пакеттеги акцияларын 3 миллиард долларга баалаган.

XS
SM
MD
LG