Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Улуттар Уюму Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүүнү ыкчамдатууну талап кылууда.


ЖЕНЕВА. Улуттар Уюмунун Ооганстандагы качкындар боюнча кызматынын башчысы Филиппо Гранди бүгүн Женевада жасаган билдирүүсүндө донор өлкөлөрдү Ооганстандын мектептери менен ооруканаларын, транспорту менен экономикасын калыбына келтирүүдө жардам берүүгө чакырды. Гранди аталган тармактардын калыбына ыкчам келтирилиши, качкындардын үйлөрүнө кайтуусу үчүн зарыл экенин белгиледи. Гранди Ооганстандын маселелерин көз жаздымда калтыруу жаңы эл аралык кризиске тамызгы болушу ыктымал экенин белгиледи. Ослодо өткөн конференцияда донорлор Ооганстанга келерки жылы 1 миллиард 240 миллион долларлык жардам берүүнү убада кылышкан. Бүгүн Ооган президенти Хамид Карзай Италияда Ооганстандын укуктук системасын реформалоого арналган эл аралык конференцияга катышат.

XS
SM
MD
LG