Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

КЫРГЫЗСТАНДА ТЕЛЕФОН ТЕРРОРУ КҮЧӨДҮ.


Сонку убактарда мектептерде, соода борборлорунда жана эл көп топтолгон жайларда жарылуучу заттар коюлганын телефон аркылуу билдирген фактылар көбөйдү. Изилдей келгенде мындай телефон кагуулар жалган болуп чыгып, ал жерлерге эч кандай жарылуучу заттар коюлбаганы аныкталууда. Мунун кесепетинен коомчулук да, мамлекет да бир топ чыгымдарды тартышты.

Телефон аркылуу жарылгыч заттардын имараттарга коюлганын айтып, элди да, тартип коргоо органдарын да курулай дүрбөлөңгө салуулар көбөйдү. Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун жетекчиси Жолдошбек Бусурманкуловдун айтымында, телефон аркылуу жалган билдирүүлөр жазында төрт ирет болгон. Алардын баары кармалган, жоопко тартылышкан. “Жоопко тартылды дегенибиз шартуу, себеби алардын жашы 10-13 жаштагы балдар жана алар кылмыш жообуна тартууга жатпайт, бирок алардын ата-энелери жооп беришти – сот аркылуу акчалай айыпка жыгылышкан. Акыркы жумаларда ичинде ушундай билдирүүлөрдөн жетөө болуп кетти. Таң калычтуусу - ошол балдардын баары 10-класстын окуучулары болуп чыгышты» дейт Ж. Бусурманкулов.

Мындай окуялардын бири жакында Бишкек шаарындагы № 41 мектепте болуп өттү. Кабылдамага телефон чалган бирөө «мектеп имаратына бомба коюлган, качкыла!» деген билдирүү айтат. Бул кабарды уккан тартип коргоо органдарынын жарылуучу заттарды издеп, зыянсыздандыруучу кызматкерлер мектепке жете келишет. Имарат жертөлөсүнөн тартып шыпка чейин тинтип чыгышкан адистер эч нерсе табышкан жок. Көп өтпөй телефонду ошол мектептин 10-класстын окучуусу Александр Ким чалганы аныкталды. Бул окуянын түпкү себебин № 41 мектептин мугалимдери азыр теле жана видео аркылуу көрсөтүлүп жаткан Батыштын согушту, мыкаачылыкты жана ташбоордукту пропогандалаган фильмдеринен көрүшүүдө

«Менин оюмча мындай окуялардын себеби – Батыштын теерористтик фильмдеринде болууда. Алар балдарга тетири тарбия көрсөтүүдө. Балдар ошолорду туурап жатышат», - дейт ушул мектепте иштеген Нургүл Имашова.

Ушундай эле окуя Балыкчы шаарындагы эки мектепте да кайталанды. Аларды да окуучулар уюштурушуптур. Кайыңдыдагы № 1 мектепке телефон каккандар, ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун айтымында, мектеп деректирине чалып, 1000 доллар сурап, “алып келсеңер, бомбанын кайда катылганын айтам”, дешкен. “Террорчу” дегендер бул ирет да ошол эле мектептин эки окуусу болуп чыгышкан.

7-декабрда милиция бөлүгүнө “Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун экинчи кабатына бомба коюлган” деген билдирүү түшкөн. Милиция, өрт өчүрүүчүсү, дарыгери болуп баш-аягы 70ке жакын адистер топтолуп, төрт саат бомба издешип, мында да эч нерсе табышкан жок. «”Айчүрөккө” бомба коюлду деген жигит кармалды. Ал Бишкек шаарынын тургуну Курбанов Асланбек Чыңгызович жигит деген болуп чыкты», - дейт Жолдошбек Бусурманкулов.

Мектеп мугалимдеринин айтымында, мындай жалган телефон кагууларды токтотуу жалгыз мугалимдердин колунан келбейт. Ал үчүн жалпы коомчулук жапа тырмак киришүү керек. “Бул оору жалгыз эле мугалимдердин проблемасы эмес. Аны менен жалпы коомчулук иштөө керек», дейт № 41-мектепте иштеген Майрам Өмүрзакова.

Айтып кое турган нерсе, Кылмыш Кодексинин «Террордук акты жөнүндөгү жалган билдирүү» деген 238-беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон. Ойлонбой оюн уюштургандарга 50дөн 300гө чейинки минималдуу эмгек акынын өлчөмүндөгү айып салынат же 180 сааттан 240 саатка чейин мажбурлоо жумуштарына чегерилет, же болбосо 3 айдан 6 айга чейин абакка алынат.

XS
SM
MD
LG