БИШКЕК. 2002-жылы Кыргызстандын макроэкономикасындагы турукташуу сакталды. Мындай маалыматты шейшембиде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Ал маалыматка караганда, муну инфляциянын быйыл 2,2 процентти түзгөну көрсөтөт. Өткөн жылы инфляциянын көлөмү 3,7 процент болчу. Ага карабастан быйыл ички дүң продукциянын көлөмү 1,4 процентке түшөт жана «Кумтөр» алтын-кен өндүрүшүн кошпогондо ички дүң продукциянын чыныгы өсүшү 2,4 процент болот. Өнөр жайдын абалы да алымсындырбайт. Анткени, өнөр жайындагы өндүрүш көлөмү быйыл 15 процентке төмөндөдү. Буга «Кумтөрдөгү» авариядан улам өндүрүштүн 33 процентке, электр энергиясын иштетүү тармагындагы өндүрүштүн 13,4 процентке жана мунай иштетүү көлөмүнүн 25,7 процентке төмөндөшү таасир берди.