Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Түркиянын парламенти конституциялык түзөтүүлөр тууралуу мыйзамды жактырды.


Түркиянын парламенти конституциялык түзөтүүлөр жөнүндөгү мыйзамды экинчи ирет карап, кайра жактырды. Түзөтүүлөрдө каралган нормалар башкаруучу партиянын лидери Режеп Тайип Эрдогонга премьер-министрлик кызматты ээлегенге жол ачат. Президент Ахмед Сезер бир апта мурда мыйзамга вето салып, парламентке жөнөткөн эле. Эми ал экинчи ирет колдоодон өткөн соң мамлекет башчысы ага кол коюуга тийиш же референдумга чыгарышы керек. Азыркы башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган мындан төрт жыл илгери диний араздашуу тутантканга аракет кылды деп айыпталып, сот ага министрлик кызматтарды ээлегенге жана парламентке депутат болуп шайланганга тыюу салган. Ушул эле күнү Эрдоган Иракта инспекция ишинин натыйжалары аныкталмайынча, Түркия Багдадга каршы Кошмо Штаттардын болжолдонуп жаткан аскерий операциясын колдобойт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG