Кошмо Штаттар Түндүк Кореянын ядролук программасын өнүктүрүү аракетине байланыштуу түзүлгөн кризисти дипломаттык жол менен жөндөөгө кызыкдар экенин билдирди.
Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл өткөн түнү жасаган телекайрылуусунда: “Биздин озуна сокку уруу мерчемибиз жок. Кошмо Штаттарда саясый, экономикалык, дипломаттык, ошондой эле, аскерий сыяктуу кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Ошентсе да, Түндүк Кореяны коркутуп, кризистик атмосфераны түзүүнү каалабайбыз”,- деди.
Улуттар Уюмунун инспекторлорун ырасмий Пхеньян өлкөдөн чыгып кетүүнү буйруган. Ошондуктан, алар шейшемби күнү Түндүк Кореядан чыгып кетет деп күтүлүүдө.