Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Иракта эл аралык инспекция уланууда.


Улуттар Уюмунун каруу-жарак инспекциясы 1-январь күнү Багдаддын четиндеги эки жайды кыдырып, Ирактын массалык кыргын салчу куралдарын же мындай куралдар бар экенин тастыктаган далилдерди издешти.
Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш кечээ күнү Техастагы ранчосунда журналистер менен болгон кездешүүдө Түндүк Корея кризиси дипломаттык жол менен чечилет деген үмүтү бар экенин билдирген.
Бириккен Улуттар Уюмунун аскерий инспекциясы Багдаддын түндүгүндөгү Мосул шаарында өзүнүн экинчи кеңсесин ачканын Ирактын тышкы иштер министрлиги маалымдады.
БУУнун атын атабоону өтүнгөн инспекторунун «Франс пресс» агенттигине айтканына караганда, Мосулдагы кеңсе 4-январда ачылат.

XS
SM
MD
LG