Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Иракта инспекция уланууда, Түркия араб өлкөлөрү менен Иракка каршы согушту алдын алуу маселесин талкуулап жатат.


Бүгүн БУУнун инспекторлору күн мурунтан эскертпестен туруп эле Ирактын курал-жаракка мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын Багдаддагы имаратын текшерди. Текшерүү жүрүп жаткан кезде БУУнун инспекторлору ал имараттарга адамдардын кирип-чыгуусун чектеген. Багдаддан түшкөн кабарларда айтылгандай, блокадада калгандардын арасында Ирактын БУУдагы элчиси Мохаммед аль-Дури да бар. Ал кабарчыларга алты саатча бөлмөдөн эч жакка чыга албай отурганын билдирди. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1441-резолюциясы инспекторлорго шектүү жайларда, текшерүү жүрүп жаткан кезде жогорудагыдай чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.
Бүгүн инспекторлор массалык кыргын салуучу куралдарды издөө ишин Багдаддан тышкары өлкөнүн түндүгүндөгү Мосул жана түштүгүндөгү Басра шаарларындагы шектүү жайларда да жүргүздү. Ирак маселеси Түркия премьер-министри Абдулла Гүлдүн Мисирдин бийликтери менен өткөрүп жаткан бүгүнкү сүйлөшүүлөрүндө да талкууланууда. Түркия премьер-министринин Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрүнүн лидерлери менен өткөрүп жаткан сүйлөшүүлөрү, АКШ Саддам Хусейндин режимине каршы башташы мүмкүн болгон согуштун алдын алууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG