Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Кытайда көмүр кениндеги кырсык маалында жоголгон 32 адамды издөө улантылууда


Кытайда куткаруучулар көмүр шахтасындагы жарылуудан соң дайынсыз кала берип жаткан 32 кишини издөөнү улантып жатышат. Хейлуңжиан (Хейлунцзян) провинциясында кечээ газ жарылганда бир шахтердун каза болгону тастыкталды, экөө аман калды. Дайынсыз жоголгон 32 кишинин тирүү экени күмөн. Алдыңкы күнү Жилиң провинциясында ушундай эле кырсыктан сегиз кенчи мерт болгон.
Бейжиндин иш коопсуздугу боюнча бюросунун маалыматына ылайык, былтыр Кытайда ар түрдүү кырсыктардан төрт жарым миң кенчи ажал тапкан.

Жаңылыктарды даярдагандар Жаңыл Жусубжан (Прага)

XS
SM
MD
LG