МОСКВА. Грозныйда автобуска ок аткан орусиялык аскерге каршы кылмыш иши козголду. Аскердин огунан кечээ Грозныйдан Гудермеске жол тарткан автобустун айдоочусу курман болуп, төрт жүргүнчү жарат алган. ИТАР-ТАСС кабар агенттиги жоокер мас абалында болгонун маалымдайт. Кечээ Чеченстанда Новогрозненский кыштагында эки киши окко учуп өлдү. Алар белгисиз бирөөлөрдүн буктурмадан аткан огунан набыт болушканын жергиликтүү администрациянын өкүлү билдирген.