Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

АКШнын коргоо министри президент Саддам Хусейн бийликтен өз эрки менен чегинсе-кылмыш жоопкерчилигине тартылбасына кепилдик берилишин колдойт.


Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд жергиликтүү "Эй-Би-Си" телеканалына берген маегинде билдирди. Д.Рамсфелддин айтымында,бийликти өз эрки менен таштап кеткен учурда ,ал жеке өзү Ирактын президент Саддам Хусейн баш болгон жетекчилиги менен алардын үй-бөлө мүчөлөрү башка бир өлкөдө баш калканыч алышына жол ачкан айрым бир макулдашуулар менен камчыз кылууну сунуш кылмакчы. АКШ коргоо министри мындай кадамды Иракка каршы согушту алдын алууга багытталган "адилет соода " катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG