Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Грузиянын президенти орус аскерлери Абхазиядан кетишин колдобойт


Эдурад Шеварднадзе апталык радиокайрылуусунда белгилегендей, орус аскерлеринин Абхазиядан азыр кетиши ылайыксыз. Мындай кадам чөлкөмдө кайра чатак чыгышына алып барышы мүмкүн. Себеби, Грузия кырдаалды өз алдынча көзөмөлдөй албайт. Бүгүнкү билдирүүсү менен грузин президенти өзүнүн өткөн аптадагы сөздөрүн жокко чыгарды. Анда Шеварднадзе Орусия абхаз жикчилерине өз паспортторун берүү жөнүндөгү чечимин кайра карап көргөнгө чейин аскерлердин мандатын узартуу маселесинен карманаарын айткан эле. 1992-жылы бир тараптуу түрдө Грузиядан бөлүнгөнүн жарыялаган Абхазияны азырынча эл аралык коомчулук тааный элек. Бирок, ал иш жүзүндө Грузиянын борбордук өкмөтүнө баш ийбейт. Ич ара уруштардан бир нече миң адам мерт болду. Орус аскерлери 90-жылдардын башынан тарта Грузия менен Абхазиянын административдик чек арасын көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG