Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:17

Спирт ичимдиктерине салына турган акциз салыгынын өлчөмү жогорулады


Кыргыз өкмөтү республикада өндүрүлгөн жана өлкөгө башка мамлекеттерден ташылып келинген спирт ичимдиктеринин бардык түрлөрүнө акциз салыгынын өлчөмүн көбөйтүү тууралуу токтом кабыл алды. Ага байланыштуу бир литр спирт ичимдигинен алына турган акциз салыгынын өлчөмү 15 сомдон 18 сомго жогорулатылды. Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кабарга караганда, мындай иш-чара 2003-жылдын мамлекеттик бюджетиндеги күн мурунтадан пландаштырылбаган чыгымдарды жабуу, өлкөдөгү спирт ичимдиктеринин сатылышына көзөмөлдү күчөтүү максатында жасалды.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG