Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

ЧЕЧЕНСТАНДАГЫ ЖАҢЫ КАТААЛДЫКТАР


Нарын АЙЫП, Прага Былтыр октябрь айында Маскөө театрында орун алган барымтадан кийин Орусиянын Чеченстандагы аскерлери жергиликтүү калкка каршы аракеттерин катаалдантты жана укук коргоо уюмдары аны өч алуу катары баалоодо.

1994-жылдан 1996-жылга чейин созулган биринчи Чечен согушу жана мына үч жылдан бери уланып келаткан экинчи согуш учурунда орус аскерлеринин Чеченстандагы аракеттери бир топ сынга алынган, анткени алар өтө катаал болгон. Бирок Маскөөдөгү барымтадан кийин алардын катаалдыгы жаңы деңгээлге чыкты.

Биринчи согуш учурунда орус тилинде "зачистка" деген жаңы сөз кеңири пайдаланыла баштады, аны крыгыз тилине "тазалоо" деп которгондо, толук маани берилбейт. Зачистка учурунда аскерлер кайсы бир айылды курчап, андан кимдир бирөөнүн качып чыгуу мүмкүнчүлүгүн жок кылат, андан соң куралчан топтор ар бир үйдү тинтип, согушка жарактуу эркектин баарын чогултуп алып кетет. Көпчүлүк учурларда алар өлтүрүлөт, бирок аялдар, каргандар жана жаш балдар тирүү калат.

Акыркы мезгилде болсо, орус аскерлери Чеченстанда зачисткадан да катаал чараларды пайдалана баштады. Алар түн жамынып кайсы бир үйгө келет дагы анда жашагандын баарын жок кылат. Балдар, аялдар, карган адамдар - баары дайынсыз жок болот жана кээде гана, алардын денелери жаман көмүлүп калганда гана, кармалгандардын өлүктөрүн тапса болот. Мындай атайын операцияга чыккан орус аскерлери өз чопкут машинелеринин бооруна "Норд-Ост үчүн!" деген сөздөрдү да жазып алат. "Норд-Ост" - Маскөө театрында болгон барымта алдында ойнолгон оюндун аты, ошондуктан, жаңы операцияларды - Маскөө барымтасы үчүн өч алуу деп атаса болот.

Орусиянын "Мемориал" аттуу адам укуктарын коргоо уюмунун Чеченстанга кошуна Ингушетияда иштеген адиси Элиза Мусаеванын айтымында, өткөн жылы Чеченстанда 450 адам дайынсыз жоголду, бул сан мурдагы жылдагыдан эки эсе көп. Жаңы башталган жылдын он күнүндө эле он адам жоголгон:

- Чеченстандын Ички иштер министрлигинин кызматкери сыналгы аркылуу айтканга караганда, январдын биринчи он күнүндө эле федералдык аскерлердин аракеттеринен улам, Грозный шаарынын жалгыз эле Старопромысловский районунда онго жакын адам дайынсыз жоголгон".

"Мемориал" уюмунун башка кызматкери Олег Орловдун айтымында, орус аскерлеринин жаңы аракеттери октябрдагы барымта менен байланыштуу:

- Дал ошол 'Норд-Ост' окуясынан кийин федералдык аскерлер адамдарды кармап кетүүсүн кескин көбөйттү. Адамдар дайынсыз жоголууда, эч качан мурда мынчалык көп адам жоголгон эмес. Бул кылмыш чечен жоокерлеринин иши эмес экендиги айкын, анткени алардын чопкут машинелери жок. Аскерлер чопкут машине менен келип, адамдарды алып кетүүдө, кээде кармалгандар ошол эле жерде атып өлтүрүлүп салат".

Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хьюмэн райтс вотч" уюмунун кызматкери Александр Петровдун айтымында дагы, акыркы катаалдыктар Маскөөдөгү барымта менен байланыштуу:

- Андай атайын операциялар учурунда орус аскерлери барымта окуясын такай эске салат. Мисал үчүн, чопкут машинелер жана башка аскерий унаанын бооруна алар 'Норд-Ост үчүн!' деген сөздөрдү жазып алышат, жана андан - бул аракеттер ал барымта үчүн өч алуу экендигин түшүнсө болот".

XS
SM
MD
LG