Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Кыргызстандын өкмөт башчысы Киевдеги бейформал саммитке катышууда


БИШКЕК. Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев КМШ мамлекет башчыларынын Киев шаарында 28-29-январда өтө турган бейформал саммитине катышуу үчүн 28-январда Украинага жөнөп кетти. Бул тууралуу шейшембиде өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Киев саммитинде КМШнын эркин соода аймагын түзүү, энергетика, транспорт жана коопсуздук багытында кызматташуу маселелери талкууланат. Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин билдиргенине караганда, Киев саммитинде кыргыз тарап өнөктөштөрүнө Дүйнөлүк Соода Уюму түзгөн эреженин негизинде соода жүргүзүүнү сунуш кылат. Кыргыз президенти саммитке 2-февралга референдум белгиленгенине байланыштуу катыша албастыгы буга чейин маалым болгон.

XS
SM
MD
LG