Эң ири медиа корпорациясы өз тарыхында мындай абалга учурай элек болчу. Өткөн жылдын соңку үч айында эле интернет-бизнестеги кризистин айынан корпорация 45 миллиард доллар каражатын жоготту. Буга байланыштуу Тед Тернер өзүнүн отставкасын жарыялады. Тернер - “Тайм Уорнер” корпорациясына караган Си-Эн-Эн телеканалынын негиздөөчүсү.