Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү референдумга байланыштуу Кошмо Штаттардын сын пикирине макул эмес


АКШ жана бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандагы референдум дүйнөлүк нормаларга сыйбаган кыска мөөнөт ичинде уюштурулганына жана бул конституциялык реформалар өлкөдөгү жарандык коомду алсыратаарына басым жасашкан. Ушул жекшемби күнү өтө турган референдумдун датасы ага 20 күн калганда жарыяланган. Оппозиция бул саясий кампания кыргыз президентинин бийлик укуктарын кеңейтүүнү көздөйт деген пикирде. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов оппозициянын мындай көз карашын четке кагып, конституциялык реформа Кыргызстанда президенттик-парламенттик бийлик орнотууга багытталган деп билдирди.

XS
SM
MD
LG