Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:20

ПРЕЗИДЕНТТИК-ПАРЛАМЕНТТИК РЕСПУБЛИКА МОДЕЛИНИН ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯСЫ


Кыргыз басылмаларынын апта соңундагы баяндамасы.

Конституциянын жаңы редакциясынын айланасындагы талаштын тизгинин тартып, каршылашкан жааттар ымалага келиши зарылдыгын 31-январдагы «Эркинтоо» гезитинде парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев билдирди. Автордун айтымында, «идеалдуу нерселер, анын ичинде абсолюттуу түрдө кынтыксыз иштелген Конституция болбой турганын да эске алышыбыз кажет». Абдыганы Эркебаев интеллектуалдык жагынан бечел, сенек ой жүгүртүүдөн чыга албай калган айрым адамдар башкача ой жүгүрткөндөрдү, оппозицияны совет доорундагы көндүм адат боюнча «чыккынчылык», «эл душманы» деп аташканын туура эмес деп эсептейт. Ал эми референдум алдында бойкот, кысым, ультиматум позициясын кармангандар да ымалага келиши абзел, дейт палата жетекчиси. Президент Акаев ишкерлер менен жолугушуусунда Конституцияга киргизилип жаткан өзгөрүүлөр жана толуктоолорду талкуулоого 1,5 миллион ашуун адам катышканын, 11 миңдей сунуштар түшкөнүн ачыкка чыгарганын ошол эле «Эркинтоо» гезити маалымдады. «Сунуш кылынган Конституциянын жаңы редакциясы өз модели боюнча классикалык президенттик-парламенттик республикага туура келет. Президенттик-парламенттик башкаруу – бул натыйжалуу иштеген парламент жана өкмөт, бул Кыргызстандын жаранынын укугунун эң мыкты корголушун камсыз кылуу», деп ырастады президент ишкерлер алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө. Гезитте Кыргызстандын Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмундагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун «ОБСЕ реформаларды колдойт» деген маегине да орун берилген. ЕККУнун 23-январда өткөн отурумунда Кыргызстандагы референдумду «америкалык делегация референдумду өткөрүүнүн мөөнөтү жана жарандык коомдун мүмкүн болуучу бошоңдоосу жаатында бир катар сын пикирлерин айтышты», деп маалымдайт. Аликбек Жекшенкулов Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун адам укугу боюнча Бишкектеги бюросунун билдирүүсүн бюро директорунун орунбасары С.Вагензейлдин жекече пикири деп эсептейт. «Ар бир мамлекеттин ички иштери баштала турган так чеги бар», - деп эскертет А.Жекшенкулов.

Референдумга коюлган экинчи суроонун чоо-жайын ишембидеги «Аалам» гезитинде «Арнамыс» партиясынын штаб жетекчиси Эмил Алиев үч жагдайга байланыштуу чечмелеген: 2000-жылдагы чуулгандуу президенттик, парламенттик шайлоо, адам укугунун бузулушу, саясий куугунтуктун күчөшү, каргашалуу Аксы окуясы. «Мына ушулардын баары топтолуп отуруп элдин нааразылыгын күчөтүп, ансыз да мыйзамсыз 3-мөөнөткө шайланган президентке ачык эле байкала башталганда президенттин дагы бир жолу өз бийлигин колдон чыгарбоо үчүн жасаган акыркы далалаты. Болбосо 2005-жылга чейин шайланган президент эмне мынча түп көтөрө элди дүргүтүп жанын үрөп жатат?» , дейт Эмил Алиев. «Аалам» гезитинин «Кереге кеңеш» деп аталган кепканасына чогулгандар «Кылым көчү кайда баратат?» деген суроонун айланасында ой калчашкан. Отурумда айтылган кеп-сөздүн орчундары гезиттин жаңы санында жарыяланган. Тарыхчы Абдырахман Алымбаевдин айтымында, кыргыздар дүйнөгө «Манас» баш болгон 20 жакын эпосторду берди. «1,5 миллиардга жакын кытай элинин кенже эпосу жок. Ошо кытайдын бир тамчысындай болгон кыргыз эли өзү жалгыз, дүйнөгө ушунча эпосту берип жатат», дейт Абдырахман Алымбаев.

Жума күнү «Вечерний Бишкек» гезити «Кыргызстандын жакырдыгы жана жаркылдагы» деген макаланы жарыялады. Макалада оппозициялык депутаттар мамлекет эсебинен байгер жашап, коштоп машина минип, чет өлкөлөргө байма-бай каттап атышса, өкмөт менен президент аппараты мамлекет акчасын бекерге чачпай, жупуну жашап жатышканы баяндалат. Парламент депутатынын орточо айлык маянасы 22 миң сомдон ашса, президент болгону 21 миң сом акча алат. Палата жетекчисинин айлыгы андан миң сомго азыраак. «Президент мамлекет эсебинен жашайт, ошон үчүн коммуналдык кызмат акысын төлөшпөйт. Ал эми тамак-ашты Акаевдин үй-бүлөсү биз менен сизге окшоп базардан сатып алышат», деп жазышат гезит кабарчылары.

«Ооба» дегенди чийип таштайм» деген аталыштагы макаланы жума күнү «Моя столица» гезити жарыялады. Макаланын автору Рина Приживойт референдум өткөндөн кийин парламент өзүнөн-өзү тарап кетиши ыктымалдыгына токтолгон. Ошон үчүн көпчүлүк депутаттар эмитен эле референдумду жактап, президентти гана колдой тургандыктарын айтышууда, дейт Рина Приживойт. Оппозиция референдумду өткөрүүгө каршы чыкпаганын, конституциялык реформа бышып жетилген маселе экенин, референдум чукул убакытка белгиленгенин ушул эле гезитте жарыяланган маегинде «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов билдирген.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG