Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

“Битлз” тобунун мурдагы менежери адам өлтүргөн деп күнөөлөнүүдө


Нарын АЙЫП, Прага

3-февралда АКШнын Калифорния штатында атактуу музыка продюсери Фил Спектор кармалып, бир миллион доллар акчаны күрөгө койгондон кийин убактылуу бошотулду. Полициянын айтымында, Спектор адам өлтүргөндүгү үчүн күнөөлөнүүдө, бирок өлгөн аялдын аты-жөнү жана анын Спекторго ким болгону тууралуу маалымат жарыяланбайт. 1960-жылдарда Спектор - атактуу "Роллинг стоунз" тобунун продюсери болгон. "Битлз" тобунун менежери Брайан Эпстейн 1967-жылы каза болгондон кийин, Спектор "Битлзге" өтүп, алардын даңкын арттырган. Фил Спектор атактуу Элвис Пресли, Эрик Клэптон, мурдагы битл Жон Леннон жана башкалардын ырларын жаздырган.


Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG