Казак президенти Нурсултан Назарбаев 4-февралда Италияга келди. Өлкө президенти Карло Азельо Чиампи менен жолуккандан кийин, Назарбаев "ЭНИ" атуу мунай жана газ компаниясынын президенти Витторио Минкато менен кездешет. 5-февралда Назарбаев Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони менен бирге Казакстанга инвестиция тартуу маселесине арналган конференцияга катышат, ал эми 6-февралда Папа Иоанн Павел Экинчи менен жолугууга тийиш. Рим папасы Казакстанда 2001-жылы болгон.