Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Түндүк Корея жетекчилиги АКШнын аскерий аракеттерине каршылык көрсөтөт


Түндүк Кореянын өкмөттүк маалымат агенттиги 5-февралда тараткан маалыматка караганда, Корей жарым аралынын айланасына кошумча америкалык аскерлердин келишине өлкө каршылык көрсөтөт. АКШ коргоо министрлигинин айтымында, азыр - жарым аралга кошумча аскер жиберүү маселеси каралууда, анткени Иракка каршы башталышы ыктымак болгон согуштан пайдаланып, Түндүк Корея кандайдыр бир чара көрүшү мүмкүн. АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Эрмитэйждин айтымында, жакында Түндүк Корея менен АКШ ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталат.

XS
SM
MD
LG