Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:35

Жапониядагы Фудзияма тоосу - өзүн өзү өлтүргөндөрдүн жайына айланууда


Жапониядагы Фудзияма тоосунун алдындагы Аокигахара аттуу токой - өзүн өзү өлтүргөн адамдардын жайына айланууда. Былтыр бул токойдо 78 киши өзүн өзү өлтүргөн жана бул сан - каттоо башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Бардыгы болуп Жапонияда жыл сайын 30 миңге жакын адам өзүн өзү өлтүрөт жана эксперттердин айтымында, анын негизги себеби - экономикалык кыйынчылыктар. Бирок мындан бир нече жыл мурда басылып чыккан китепте - өзүн өзү өлтүрүү үчүн Аокигахара токою эң ыңгайлуу жай деп жазылгандан бери, өз жаны менен кош айтышууну каалагандар ушул токойго көп келе баштады.


Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG