Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:31

Президент А. Акаев референдумга байланыштуу элге ыраазычылык билдирди


БИШКЕК. Президенти Аскар Акаев 5-февраль күнү кечинде жергиликтүү телеберүү аркылуу Кыргызстандын калкына кайрылды. Анда президент «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндөгү» мыйзам долбоорун шайлоочулардын 76,36% колдогонуна таянып, Башмыйзамдын кабыл алынгандыгын белгиледи. «Добуш берүүнүн жыйынтыгын мен реформага каршы чыккандарга, өлкөдөгү саясий туруктуулукту бузууну, референдумду үзгүлтүккө учуратууну, же аны мыйзамсыз деп жарыялоону көздөгөн оппозициялык күчтөргө карата элдин айкын жана ачык позициясынын билдирилиши катары баалаймын. Шайлоочулар элдин ынтымак-ырашкерлигине доо кетирген күчтөргө «жок» деп кескин жооп берди», - деди А. Акаев өз кайрылуусунда. Ал Конституцияны колдоп, өзүнүн бийлик укугун бекемдеп бергендиги үчүн шайлоочуларга жана колдоо көрсөткөн эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле А. Акаев өлкө эми президенттик башкаруудан президенттик-парламенттик башкарууга өткөндүгүнө токтолуп, мындан ары саясий тирешүүлөрдү токтотуп, бардык саясий күчтөр эл үчүн иштеши керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG