Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:20

Жалалабад облусунда СПИД дартына каршы күрөш күчөтүлүүдө


ЖАЛАЛАБАД. 10-февралда облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунан алынган маалыматка караганда, учурда айыкпас дартты алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери күчөтүлдү. Облус борборунда бангилерге акысыз шприц берүүчү 3 жай ачылды. Баңгилердин ишенимине кирген ыктыярдуу адамдар 60 адамга шприц, поливитамин дарысын жеткирип беришет. Чаткал районунан башка бардык шаар-райондордо ооруну аныктай турган 22 лаборатория иштеп жатат. Жалалабад түрмөсүндө СПИД вич-инфекциясын жугузган 19 адамдын бирөө кургак учук оорусунан каза тапты. Экинчиси Тажикстанга которулду. Облустун СПИД жуктурган 8 тургунунун төртөө эркиндикте. Оорулуулар Ноокен районунда жана Ташкөмүр шаарында да бар экендиги аныкталды.

XS
SM
MD
LG