Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Владимир Путин Париждеги көргөзмөнүн аталышына каршы чыкты


Кечээ Парижде "Орусия французча сүйлөгөн кезде: Париж-Санкт Петербург 1800-1830-жылдары" деген көркөм өнөр көргөзмөсү ачылды.
Ачылыш аземине катышкан орус президенти "орустар негизи эч качан французча сүйлөгөн эмес, ошондуктан көргөзмөнүн аталышы чындыкка туура келбейт" деди.
19-кылымдын биринчи жарымында Санкт-Петербургда ак сөөктөр жана ойчулдар французча сүйлөшкөн.
Санкт-Петербургдун негизделишинин 300 жылдыгына арналган көргөзмөнү Путин менен Франциянын президенти Жак Ширак сүрөөнгө алышты. Көргөзмөдө Санкт-Петербургдагы Эрмитаж музейи жана Маскөөдөгү Кремль ажайыпканасы убактылуу берген франциялык исскуство чыгармалары коюлган.
Путин Францияга экономикалык жана саясий кызматташттыкты бекемдөө максаты менен үч күнгө келди.


Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG