Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

РЕФЕРЕНДУМ АРТЫНДА КАНДАЙ САЯСИЙ ОЮН?


“Кыргыз туусу”, “Аалам”, “Эркинтоо”, “Моя столица” – 15.02.03

“Кыргыз туусу” гезитинин жума күнкү санында мурунку өкмөт башчы Курманбек Бакиевдин “Келгиле, бири-бирибизге ачык айталы” деген макаласы жарыяланды. Конституциялык референдум алдында ушул эле гезит Э.Тереков деген автордун макаласын жарыялаган. “Анда ал менин саясий таржымалыман чындыкка дал келбеген фактыларды келтирип, менин абийириме, ар намысыма жана ишкер сапатыма шек келтирген”,- деп жазат Курманбек Бакиев. Э.Тереков болсо мурунку өкмөт башчы жөнүндө: “Он жыл бою “бийликтин акырынан жем жеген”, бийликтин бардык жыргалчылыгынан пайдаланган экс-премьер-министр эми болсо ошол бийликти сынга ала баштады” деп жазган.

Адам укугун урматтаган өлкөдө тыюу салынган тема болушу мүмкүнбү, деген суроого жума күнкү “Моя столица” гезитинде журналист Лариса Ли жооп табууга аракет жасаган. Анын “Эгер мыйзам буйлаланган төө болсо, аны аткаруучулар кимдер?» деген макаласында президент Акаевдин үй-бүлө бизнесине таандык делген “Аалам сервис” жана “Мерлисайд ЛЛК” фирмалары эмнеликтен салыктан бошотулуп, текшерүүчүлөрдүн баамынын сыртында калып келатканы баяндалат. Эркин экономикалык аймак тууралуу мыйзамда ага кирген ишкерлер күйүүчү-майлоочу майлар, арак-шарап, тамеки сатууга акысы жоктугу белгиленген. Ага карабастан эле “Моя столица” гезити Ленин райондук соту тарабынан “Мерлисайд” фирмасынын пайдасына 500 000 сом, макала авторунан 10 миң сом өндүрүп алуу тууралуу чечим чыгарган. Ушул эле гезитте журналист Замир Өсөровдун дагы бир сот жараяны жөнүндөгү макаласы жарыяланды. Кыргызстандын ички иштер министрлиги Замир Өсөровду “Түштүктүк болуу коркунучтуу» деген макаласы үчүн сотко берген. Адам укугунун кордолушун жазган гезит менен журналисттен жарым миллион сом айыппул өндүрүп берүү доо-арызы менен Кыргызстандын ички иштер министри сотко кайрылган. Республиканын башкы милиционери гезит менен анын автору кечирим суроосун талап кылган. “ Эгер кубаттуу министрлик жүздөгөн каракулжалыктар менен аксылыктардын алдында мыйзамсыз иши үчүн улук башын кичүү кылып кечирим сураса мен деле башымды иймекмин,- дейт Замир Өсөров.- Ал эми кайсы бир жашыруун көрсөтмөлөр менен буйруктарга, жогорто отургандар менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү соттук доо арызга же сот жараянына кошо албайсың”. 2-февралдагы референдумдун жыйынтыгы өтөле апыртылып көрсөтүлгөнү, кыргыз бийлиги аны тезирээк унуткаруунун амалына өткөнү Рина Приживойттун “Калппы – калп эмеспи, акча берсе болду” деген макаласында баяндалат.

“Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу менен республикабыз президенттик-парламенттик башкаруудагы мамлекет болуп калды. Муну менен парламенттин аткаруу бийлигине таасири артып, өкмөттүн ишин көзөмөлдөөгө, кадр маселелерине катышуусунун мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Бул чындыгында эле туура иш болду”,- деп жазат жума күнкү «Эркинтоо» гезитинде журналист Б.Турдалиева. Ушул эле гезитте Э.Байтереков деген автор “Оппозиция элге дары эмес, элди ооруткан илдет” деген макаласында оппозиция өкүлдөрүнүн Аксыдагы каргашалуу күндү улам-улам кайталап, 3-курултай өткөрүү демилгесин саясий чайкоочулук катары сыпаттайт.

“Өтө саясатташып кеттик”, деп жазат жума күнкү «Аалам» гезитинде Ш.Мусабеков. Анын айтымында, “Конституциялык реформа керек эле... Тилекке каршы, ушул маселе калктын калың катмарына жеткен жок. Тескерисинче, “бу референдумдун артында дагы кандай саясий оюн турат?” деген түкшүмөл ой-пикирлер он талаа. Неси болсо да, мамлекеттик “машинанын” гайка, болттору бошой баштаганбы, айтор, маанилүү ишти мелдешке чыккандай кампанияга айлантып” жиберишти, дейт Ш.Мусабеков.

Ушул эле гезитте кыргыз-өзбек чекарасын тактоо боюнча теңата комиссиянын жетекчиси Саламат Аламановдун маеги жарыяланган. Анын маалымдашынча, 1400 чакырымга созулган кыргыз-өзбек чек арасында ушу тапта өтөле талаштуу 30 жер бар. Союз учурунда эки республика ортосундагы чекке анча маани берилбей, ошондон чекке жакын кыштактар кеңейип башка чекке кирип кеткен. “Эми азыр ошол аймактардагы чек ара сызыгын чийсек огородду же үйдү тең ортосунан кесип өткөн учурлар болуп жатат”,- дейт Саламат Аламанов.

“Шам” басмасынын жамааты талаш чакырган “Саяк менен сагызганга убал жок” макалы буга чейин эле К.Карасаев, К.К.Юдахиндин сөздүктөрүндө жарыяланып, анда уруу жөнүндө эч кандай сөз жок экенин ырастаган кайрылуусун ушул эле гезитке жарыялады.
XS
SM
MD
LG