Тель-Авив 4 аскер курман болгонун алардын туугандарына кабарлагандан кийин гана ырастады. Израилдик танкка каршы чабуул үчүн жоопкерчиликти палестиндердин "Хамас" уюмунун аскерий канаты саналган "Иззедин ал-Кассам" тобу өзүнө алды. Иззединчилер бүгүнкү акцияны – ушул апта башында Бейт Лахия калаасында жөөт аскерлеринин огунан курман болгон Хамастын активисти үчүн өч алуу акты катары сыпатташты.