Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Конституциялык Сот кыргыз-кытай чек арасы боюнча арызды 20-февралда карамак болду


БИШКЕК. Кыргыз-кытай чек арасы боюнча арызды кароону Конституциялык Сот 20-февралга белгиледи. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков билдирди. Анын айтымында Конституциялык Сот доогерлердин бирөөсү - Азимбек Бекназаровдун Европадан 18-февралда келе албай калышына байланыштуу ишти кароону кийинки мөөнөткө жылдырды. «1996- жана 1999-жылкы кыргыз-кытай чек ара макулдашуусун ратификациялоодо Кыргызстан Конституциясынын айрым беренелери одоно түрдө бузулган» деп, Мыйзам чыгаруу жыйынынын 11 депутаты Конституциялык Сотко өткөн жылы май айында кайрылган эле. Ишти кароону Конституциялык Сот алгач ирет 27-январга белгилеген. Бирок анда да доогерлердин бирөөсү - Ишенбай Кадырбековдун ооруп калгандыгына байланыштуу арызды кароо 18-февралга жылдырылган.

XS
SM
MD
LG