Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Эл өкүлдөр жыйыны өзүнүн кезектеги сессиясын март айында баштайт


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын он төртүнчү сессиясы март айынын ортосунда башталышы күтүлөт. 20-февралда палатадан алынган маалыматка караганда, сессиянын күн тартибине кыркка чукул маселе киргизилмекчи. Алардын арасында палата төрагасы Алтай Бөрүбаевдин, премьер-министр Николай Танаевдин, айыл жана суу чарба министри Александр Костюктун жана Жогорку Соттун төрайымы Неля Бейшеналиеванын өткөн жыл үчүн бере турган отчеттору бар. Мындан тышкары сессия «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» акционердик коомдорун менчиктештирүү маселелери боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчетун угуп, Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган «Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндөгү» мыйзамга карата өз пикирин билдирет. Ушул эле сессияда палатанын регламентин жаңы Конституцияга ылайык иретке келтирүүгө байланышкан маселе да каралышы күтүлөт.

XS
SM
MD
LG