Түштүк Кореянын полициясы - Дэгу шаарындагы метронун алты кызматкерин кармоого буйрук берди жана алар кызматында шалаакылыкка жол бергени үчүн күнөөлөнүшү мүмкүн. 18-февралда метродо өрт чыккандыктан, 133 адам курман болуп, дагы 140 киши жарат алган. Күнөөлөнүп жаткан алты кызматкердин бири - поезд айдоочусу, ал өрт учурунда поезддин эшиктерин көпкө ачпай койгондуктан, жүргүнчүлөр сыртка чыга албай калган. Метро вагонуна өрт койгон 56 жаштагы акылы кем адам ошол эле күнү кармалган.