Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Жапанияга келди


АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 22-февралда Токио шаарында Жапаниянын премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми менен жолугуп, Ирак жана Түндүк Корея маселелерин талкуулады. Коидзуминин айтымында, Ирак маселесин Бириккен Улуттур Уюму аркылуу чечкен жакшы. Саясий блокторго кошулбаган мамлекеттер кыймылына кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бүгүн Түндүк Кореяга кайрылып, андан - өзөктүк курал өндүрүү программаларынан баш тартууну талап кылды. 22-февралда Малайзияда өтүп жаткан кыймылдын жыйынына катышкан Түндүк Кореянын өкүлдөрү АШнын бул маселе боюнча турумун сынга алууну сунуш кылган, бирок жыйын аны четке какты.

XS
SM
MD
LG