Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:51

Кыргыз өкмөтү террорчуларга каршы урушта жабыр тарткандарга жардам берет


22-февралда өкмөт башчы Николай Танаев 1999-2000-жылы республиканын түштүгүнө эларалык террорчуларга каршы согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө, жарадар болгон аскерлерге акчалай жардам берүү тууралуу токтомго кол койду. Ага ылайык курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 50 миңден, экинчи топтогу жараат алган жоокерлеге 20 миң, үчүнчү топтогуларга 15 миң сом, жеңил жарадар болгондорго 10 миң сомдон акча берилет. Каржы министрлиги 2003-жылдын 15-мартына чейин бул максатта республиканын коргоо министрлигине 2 миллион 855 миң сом которуп берүүгө милдеттендирилди.

XS
SM
MD
LG