Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайына чет өлкөлөрдөгү кыргыздардын баары чакырылат


БИШКЕК. Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнүн алдында өтмөкчү болгон Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк экинчи курултайына дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган бардык кыргыз улутундагы жарандар чакырылат. Уюштуруу комитетинин бейшембиде өткөн алгачкы жыйыны ушундай чечим кабыл алды. Жыйында белгиленгенге караганда, курултайга Европа, Америка өлкөлөрүндө жана Японияда жашаган кыргыздардын бардыгы чакырылат. Ал эми КМШ өлкөлөрүндө, Кытайда, Түркияда, Ооганстанда жашаган кыргыздарга атайын квота берилет. Уюштуруу комитети тиешелүү тармактардын жана министрликтердин көмөгү менен март айына чейин чет өлкөдө жашаган кыргыздардын дарегин тактоого милдеттенди. Кыргыздардын дүйнөлүк экинчи курултайын өткөрүү тууралуу жардыгын президент Аскар Акаев 14-февралда чыгарган. Жардыктын негизинде курамы 20 кишиден турган уюштуруу комитети түзүлүп, анын башына мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов дайындалган.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG